Элдияр Кененсаров "Что? Где? Когда?" оюнуна катышты. Видео

Жазылуу
Оюн 6:4 эсебинде аяктап, КВНчилер көрүүчүлөрдү утуп алышты

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров КВНдин башка жылдыздары менен биргеликте Биринчи каналдын "Что? Где? Когда?" оюнуна катышып, команда көрүүчүлөрдү жеңип алды. Бул тууралуу каналдын расмий сайтында жазылды.

Кыргызстандын Азия MIX командасы Өзбекстанда өткөн Достук кубогунда - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдеди. Видео
Бул жазгы оюндардын биринчи сериясы болду. Акылмандар командасынын курамына Сергей Кашников (Таганрог), Элдияр Кененсаров (Бишкек), Алексей Кривеня (Армавир), Михаил Галустян (Москва), Вадим Галыгин (Борисов), Гарик Мартиросян (Ереван, команда капитаны) кирди.

Оюндун видеосу Биринчи каналдын сайтына жайгаштырылды.

Адаттагыдай эле көрүүчүлөрдөн 10 суроо келди. Оюн 6:4 эсебинде аяктап, КВНчилер көрүүчүлөрдү утуп алышты. Мыкты оюнчу деп командага үч упай алып келген Сергей Кашников табылды.

Оюнга көрүүчү катары КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляков да келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0