Баткакка баткан аттар, ылайдагы улакчылар. Уу-дуу кылган аламан улак кайда өткөн

Жазылуу
Оюндун кызыгына батып арыкка түшүп кеткен улакчылар жыгылып, ал эми аттары баткакка тыгылып чыга албай жандалбастап калышкан.

Аламан улак учурунда улакчылар каналдын арыгына түшүп, атттары баткакка тыгылып калган видео социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга алынууда.

Көк бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки унаа, алтын кур үчүн кыл чайнашкан 1000 улакчы. Ноокаттык ишкердин аламан улагы
Муну көргөн интернет колдонуучулары "аттарды эмне анча кордоп жатышат", "ат көрбөгөн минип өлтүрөт болдубу", "эч ким эчтеке болгон жокпу?" деп кейип жатышат. Видео Facebook тармагында казак тайпасына да жүктөлгөндүктөн оюн Казакстанда болгон деп да айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аталган аламан улак кайсы жерде өткөнүн аныктап биле алды.

Мындан бир ай мурда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында 1986-жылы туулган жигиттер апта сайын өтүп турчу кезектеги аламан улагын өткөргөн. Видедон оюндун кызыгына батып арыкка түшүп кеткен улакчылар жыгылып, ал эми аттары баткакка тыгылып чыга албай жандалбастапн жатканын көрүүгө болот. Тору аргымагы менен улакты такымга басып арыктын ортосунда турган баланын аты Доорон Кубан уулу. Ал болгону 18 жашта.

© Фото / Кебекбаев КубанТору аргымагы менен улакты такымга басып арыктын ортосунда турган баланын аты Доорон Кубан уулу. Ал болгону 18 жашта
Житель села Мады Кара-Суйского района Ошской области Доорон Кубан уулу - Sputnik Кыргызстан
Тору аргымагы менен улакты такымга басып арыктын ортосунда турган баланын аты Доорон Кубан уулу. Ал болгону 18 жашта

"Улак мага тийгенде сабап баратып атты башкара албай каналдын арыгына түшүп кеттим. Ал жерден мурда суу өткөндүктөн биз түшкөндө бел кырчоодон ылай болуп аттарыбыз батып калды. Артыман келген аттар да ылайга жыгылып, улам бирин чыгарып жатышты. Улакчылар да, аттар да эч нерсе болгон жок. Кайра чыгып оюнду уланттык", — деди улакчы.

Доорон Кубан уулунун чоң улак тартыштарда ойноп жатканына эки жыл болду. Бул күнү соорунга бир кой жана акчалай сыйлыктар коюлган. Бирок ал соорун ала албай калганын айтты.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Москвага 18 аргымак алып барып, көк бөрүнүн сазайын беришти
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

Улак тартыш кыргыздын кан-жанына сиңген оюн. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты да аламан улакка түшкөн жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0