Күлгө айланган күркөлөр. "Ош" базардын өрттөн кийинки көрүнүшү

Жазылуу
Өрт тууралуу маалымат 101 кызматына түндө саат 21:06да түшүп, ага өрт өчүрүүчү үч бригада тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, борбор калаадагы "Ош" базарында чыккан өрт түнкү саат 00:40та толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен эки кабаттуу имарат толугу менен жана кийим-кече, болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн.

Ош базарында чыккан өрт. Жалындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында чыккан өрт. Жалындын асмандан көрүнүшү
Тилсиз жоо соода-сатык кылган контейнерлерден чыккан. Аны өчүрүүгө кийинчерээк шаардык чарба департаментинин эми автоунаасы кошулган. Жалын саат 22:13тө чектелген.

Бул жылдын башынан бери аталган базарда чыккан экинчи ири өрт. Биринчиси 30-январь күнү эртең менен саат 9.40дар чамасында чыгып 3500 чарчы метрлик аянтты жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 12 техника тартылган. Түшкө жуук өрт чектөөгө алынып, кечки саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымдаган. Ал эми базар жетекчилиги өрттөнгөн жерде 250гө чукул адамдын соода түйүнү болгонун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0