Атайлап өрттөштү! "Ош" базарда товары күйгөн соодагерлердин күйүтү жана көз жашы

Жазылуу
"Ош" базарынын кире беришинде жайгашкан "Сейтек" кичи базарында 5-март күнү кечки саат 21.06да кайрадан өрт чыгып 700 чарчы метр аянтты жалмады. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков базарга барып ичи ачышып отурган соодагерлердин үнүн угуп келди.

Эртең менен барганыбызда базардын айланасын милиция курчап туруптур. Ичинде жүргүзүлүп жаткан экспертиза бүтмөйүн эч кимди киргизбей турганын айтышты. Алардын жанынан бар оокатынан кол жууп күйүткө батып турган соодагерлерди көрүүгө болот. Ичи ачышкан энелер көз жашын тыя албай ыйлап да жатышты. Арасында бир ай мурдагы тилсиз жоодон күркөсү күйүп, кайра карызга алган товарынын күлүн кармап отуруп калгандар бар. Соодагерлердин айтымында, өрт мурда жалын жетпей калган аймактан башталган. Мунун кесепетинен 60тай адам зыян тартууда.

Айсалкын атуу соодагер ушул жерде 10 жылдан бери иштеп 5 баласын багып келген.

"Түнү менен уктабай ушул жерде жүрдүк. "Эми тынчыды, иштей бергиле" дегенинен чыкканбыз да. Товарларым көп болчу. Кышкысын жыйнап коюп, 8-мартка карата товар алган элем. Таксиге түшпөй, товарларыбызды колубузга көтөрүп маршуртка менен ташучубуз. Баасы 500 миң сомдон жогору турган товарым күйүп кетти. Базарды чоңдор өз ара талашып жатат окшойт. Айтып коюшса эки сааттын ичинде чыгарып кетмекпиз да", — деди соодагер.

Ош базарында чыккан өрт. Жалындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында чыккан өрт. Жалындын асмандан көрүнүшү
Дагы бир соодагер Нурлиза Абдалиева бул жерде бирөөнүн кызыкчылыгы тургандыгын айтып, атайлап эле бирөө күйгүзүп жиберген деп күмөн санайт.

"Мурдагы өрттө товарларыбыздын жарым-жартылайы уурдалып, келишим кагаздарыбыз күйүп кеткен. Талаалабай башка жакты жыйыштырып, өз мекенибизде жашайлы деп келсек минтип бүт мээнетибизди күйгүзүп отурабыз. Муну атайын эле уюштуруп жатат. Карапайым элди кыйнабай айтып бир ооз айтып койсо башка жакка кетмекпиз", — деди Абдалиева.

Соодагер Мадина Айбек кызынын айтымында, бул жерде эң эле азы 300 миң сомдук товар менен иштесе, алды үч миллион сомго чейин жетет.

"Эки кабатында тең бут кийим сатылчу. Эч ким алып чыкканга жетишкен жок. Негизи бут кийим сатууга аябай көп акча керек. Бирөөсү эле 1000-1500 сом турат да. Жазда соода башталат деп күтүп отурганбыз. Баарыбыз эле бирөө атайылап өрттөгөн деп шек санап жатабыз. Башында видеого тартып алышкан экен. Анда эки тарабынан күйүп жатканы көрүнүп турат", — деди Айбек кызы.

Рысбек атуу ишкердин биринчи өрттөн бир миллион сомдук товары күйгөн. Андан соң дагы 350 миң сомдук кийим-кече алып чыгып жатканда анысы да күлгө айланып калды. Укса ата-энем катуу кыжалат болот деп аты-жөнүн толук айтуудан баш тартты.

Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан Ош базары - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан "Ош" базары
"Өрттөнгөн жайдын экинчи кабатын тазалап жыйнап, иштетип баштагам. Менин жанымда дагы бир байке "жумушу жок калдым, бекер отурбайын" деп кечээ карызга товар алып чыккан. Бирок ал бир даанасын да сата электе күйүп кетти. Кечинде көргөн балдар өрт ары жактагы мантыканадан башталган дейт. Күзөтчү суусундук алганы кетип, кайра келсе үч жерден күйүп жатыптыр. Эми эмне кыларымды, карыздарымдан да кантип кутуларым да билбейм. Баткенден келип 9 жылдан бери иштеп жаткам", — деди соодагер.

Кимден сураба баары бир ооздон "бирөө атайлап өрттөп жиберген" деп жатышат. Кечээ өкмөттүк комиссия бир ай мурунку өттөн зыян тарткан 150 ишкер жардам сурап кайрылып, бирок документтерин тактай келгенде 74 адам расмий иштеген деген тыянак чыгарган.

Күлгө айланган күркөлөр. "Ош" базардын өрттөн кийинки көрүнүшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0