Британиядагы толкун 7 миң жыл илгерки токойду алып чыкты. Видео

Жазылуу
Бир катар шаарлардын жээгине бир нече миңдеген деңиз жаныбарларын сүрүп таштаган

Британияда болгон катуу толкун анын жашоочуларына мындан бир нече миң жыл илгерки токойдун калдыктарын алып чыкты. Бул туурасында РИА Новости GazzetteLive порталына таянып кабарлады.

Толкун жээкке өзү менен кошо дарактардын тамырларын, сөңгөктөрүн жана чөгүп кеткен качанкы кайыкты жээкке шилеп салган.

Голова статуи Анхнеспепи II - Sputnik Кыргызстан
Египетте аялдын төрт миң жыл мурун жасалган жыгач эстелиги табылды
Бул көрүнүштөн кийин маалымат берген адистер токой калдыктары 1871-жылдары өскөн жакшынакай жаратылыштын изи дешти. Аны менен кошо эле камандын азуулары менен бугунун мүйүздөрү табылган.

Толкун элге тарыхый калдыктарды гана тартуулабастан, жолдорду да жууп кеткен. Мындан улам каттам начарлап, дүкөндөрдө азык-түлүк тартыштыгы жаралган.

Андан сырткары, бир катар шаарлардын жээгине бир нече миңдеген деңиз жаныбарларын сүрүп таштаган.

Буга чейин Александрия шаарынын аймагындагы Жер ортолук деңизде иштеп жаткан археологдор Рим империясына таандык үч кеменин калдыктарын тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0