Магабы? Бейтааныш адамдын гүлүнө таңданган бишкектик айымдар. Видео

Жазылуу
8-март аялдардын эл аралык майрамын утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө видео эксперимент жасап көрдү.

Форма кийген аялдар көйнөк кийсе кандай жарашат - Sputnik Кыргызстан
Форма кийген аялдар көйнөк кийсе кандай жарашат
Кабарчы көчөдө сейилдеп жүргөн сулуу кыздан баштап, балдарын ойнотуп отурган жаш энелер, чоң апалардын, жумушта кызуу иштеп жаткан ар кыл кесип ээлеринин маанайын көтөрүп жоогазын гүлүн тартуулап чыкты. Сунган гүлдү айрымдары алуудан тартынса, кээ бири "магабы" деп таң калып сурап жатты. Гүлдү албай баш тартып койгондор да болбой койгон жок. Күтүүсүз белек алгандар ыраазычылыгын билдирип, бардык айымдарды майрамы менен куттуктады.

Жаз, гүл, аялзаты… Мунун баары бири-бири менен айкалышып турат эмеспи. Андыктан мырзалар, айымдардын көңүлүн көтөрүүнү унутпаңыздар! Майрамыңыздар менен урматтуу асылзат айымдар!

Sputnik Кыргызстан сулуулук күнүнүн урматына да өзгөчө эксперимент жасаган. Видеону көрүп жылмайып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0