Эмне кылсам, өзүм билем! Аялдардын тең укуктуулугун талап кылган жүрүштүн видеосу

Жазылуу
Бишкекте активисттер аялдардын коомдогу тең укуктуулугун талап кылып жөө жүрүшкө чыгышты. Алар ошондой эле билим берүү менен медицинанын жеткиликтүүлүгүн талап кылышты

Писательница Топчугуль Шайдуллаева - Sputnik Кыргызстан
Шайдуллаева: айылдан келгенде шаардык кыздарды көрүп аябай таң калгам
Жүрүшкө 50дөн ашык киши чыгып, колдоруна "Тамак жасаба, арыктабы, баш ийбе", "Аял сенин ордуң ак үйдө" деген транспаранттарды көтөрүп алышкан. Ошондой эле калаадагы бардык уюмдардын имараттарына майыптар үчүн пандустарды коюу керектигин айтышты.

Жүрүш Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен башталып, ак үйдү көздөй бет өттү. Өлкөдөгү башкы имараттын алдына келип токтоп, өз талаптарын айтышты. Андан кийин Курманжан датканын эстелигине келип, Уркуя Салиеванын эстелигине дейре барышып тарап кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0