Бишкекте дүкөндөн телефон уурдаган кыз видеого түшүп калган

Жазылуу
Дүкөн ээси товар алып жаткан маалда кыз аларды карактап кеткен. Уурулук видео көзөмөлгө түшүп калган.

Мошенничество по телефону - Sputnik Кыргызстан
"Сүрөтүңдү интернетке чыгарам!" Кызды опузалап акча талап кылган жигит кармалды
Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен кыз шакек жана эки телефон кымырып алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу дүкөндүн ээси билдирди. Анын айтымында, окуя ишемби күнү, 10 мартта, болжол менен саат 17.00дөрдө болгон. Видеодо кыздын текченин жанында туруп, шакек тандап жатканын көрүүгө болот. Андан соң колун созуп, ары жакта турган телефонду алат да чөнтөгүнө салып коет.

"Ошол маалда биз товар алып жатканбыз. Оокаттарыбыздын жоголгонун 17.30дарда байкадык. Эки телефон менен бижутерия алып кетиптир. Ленин райондук милициясына арыз жаздык", — деди дүкөн ээси.

Бишкек ШИИБ райондук милицияга арыз түшкөнүн тастыктады. Ушу тапта териштирүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгы тууралуу маалымат берилери айтылды.

Эки жума мурун да ушундай эле окуя болгон. Эки кыз зер буюмдарды уурдап кетип, окуя акыры эмне менен бүткөнүн дүкөндүн ээси айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0