Бишкектин борбору кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн. 3D эскиз

Жазылуу
Шаардык кеңеш борбор калаанын деталдуу планын коомдук талкууга алып чыкты

Таштандыдан эмес, бак-дарактан тазаланган Бишкек. Тыныстанов көчөсүнүн көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Таштандыдан эмес, бак-дарактан тазаланган Бишкек. Тыныстанов көчөсүнүн көрүнүшү
Бишкек шаарынын башкы планы боюнча калаанын борборунун деталдуу планы иштелип чыкканын Башкы пландын башкы архитектору Жанузак Кулбатыров маалымат жыйында билдирди.

Журналисттерге шаардын борбору кандай өзгөрө турганынын 3D эскизи көрсөтүлдү.

Кулбатыров иштеп чыгуучулар мыйзамсыз курулган имараттарды качан түрттүрүүнүн так күнүн белгилеши керектигин айтты.

"Эгер жолкурууда кайсы бир имарат жолтоо боло турган болсо ал түрттүрүлөт. Мындай имараттардын ээлерине компенсация төлөп берүү үчүн анын көлөмүн белгилей турчу комиссия түзүлөт. Буга убакыт керек", — деди архитектор.

Эксперттердин айтымында, мындай кадамдар жасалмайын шаарды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Деталдуу план кабыл алынгандан кийин шаардагы архитектуралык баш аламандык болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0