Алты айдан кийин өлөсүң дешти. "Тазалыкта" иштеген жумушчунун баяны

Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдун алты айлык эле өмүрү калды. Ал боордун альвеококкоз дартына чалдыккан. Эки жыл мурда хирургдар паразитти алып чыгууга аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес, анткени ал кан-тамырларга кирип кеткен. Андан бери Касымов дарынын жардамы менен жашап келет.

Бир ай мурда Жеңишбектин саламаттыгы начарлап кеткен. Дарыгерлер паразиттер көбөйүп, дарыга дагы туруштук берип калганын айтышууда. Алты айдын ичинде ага операция жасалышы керек. Боорду алмаштыруу 45 миң долларды чапчыйт. Жеңишбек Касымов алты жылдан бери таштанды чыгаруучу болуп иштейт. Айлыгы 25 миң сомдон ашпагандыктан, кымбат операция жасатууга чачма-чаркы чак. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңишбек Касымов "Тазалык" ишканасында иштейт
Сотрудник МП Тазалык Женишбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Касымов "Тазалык" ишканасында иштейт

"Бул үй-бүлөм үчүн көп каражат. Айлыгым 20-25 миң сом, ипотекам да бар, үч баланы да багыш керек. Насыя алганыма бир жыл эле болгондуктан үйүмдү да сата албайм. Аялым балдар менен үйдө, иштебейт. Акчаны таппай калам деп ойлогондо жүрөгүм түшөт", — деди ал.

Касымовдун үч баласы бар. Улуу баласы 4-классты аяктайт, кызы үч жашта, кичүү уулу алты айлык. Үй-бүлөсүн Жеңишбек гана багат, учурда ден соолугунан улам ооруканада. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери маянасынан Жеңишбекке жардам катары 6 миң доллар чогултуп беришкен. Дагы төрт миң доллар кайдыгер эмес жарандардан келген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымовдун үч баласы бар. Улуу баласы 4-классты аяктайт, кызы үч жашта, кичүү уулу алты айлык
Сотрудник МП Тазалык Женишбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Касымовдун үч баласы бар. Улуу баласы 4-классты аяктайт, кызы үч жашта, кичүү уулу алты айлык

Боор оорусу менен алышкан Рысалиева: аппаратты алып салсам жашай албайм - Sputnik Кыргызстан
Боор оорусу менен алышкан Рысалиева: аппаратты алып салсам жашай албайм
"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракееванын айтымында, эгер Жеңишбек керектүү каражаттын баарын тапса Airmanas авиакомпаниясы операция жасалчу өлкөгө бекер алып-барып келүүгө макул болгон.

Жеңишбекке эки бир тууганы донор болууга даяр.

Дарыгерлердин айтымында, Жеңишбек алты айга чейин, башкача айтканда, 2018-жылдын августуна чейин операция жасатууга үлгүрүп калышы кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0