Оюн башталаарда тирүү текени эл алдына алып чыгып бата кылып мууздайт. Андан соң башын жана төрт шыйрагын кесип салып жаалданган көк бөрүчүлөрдүн алдына таштайт. Белгилей кетчү жагдай, текенин ичеги-карыны алынбайт. Оюн бүткөндөн кийин анын жарылган ичеги-карынын алып салып этинен "көк бөрү" куурдагын жасап жешет. Тартылган улактын эти дары болот деп айтылып келет.
Тартылган улактын салмагы 32-35 килограмм болушу шарт. Ар бир оюнга бирден теке союлат. Мисалы, бир күндө алты оюн өтсө, алты текенин башы кетет. Аны Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция камсыздап берет. Баасы 5000-7000 миң сом.Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешине жети дубандын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары күч сынашууда. Оюн бүткөндөн кийин кыргыздын салты менен алыстан келген командаларга конок катары улак берилет. Бирөө мелдештин калыстарына жана уюштуруучуларга калтырылат. Аны үйлөрүнө алып барып куурдак жасашат.
Жекшен Жаркынбаев көк бөрү боюнча эл аралык даражадагы калыс. Бүгүнкү оюндарга да калыстык кылды. Ал мелдештен чыгып биз менен кошо өздөрүнө бөлүнгөн текени үйүнө алып жөнөдү. Барарыбыз менен терисин сыйрып, жиликтеп бир жарым сааттын ичинде бышкан куурдак дасторконго коюлду.
"Тартылган улактын этинин дарылык касиети бар. Бир жарым саат тартылып, тебеленип жатып өзү эле бышып калат да. Ичеги-карыны жарылганы менен эттер анча көп булганбайт. Айылдагы аламан улакта ичин жарып ичеги-карынын алып таштап туз сээп, кайра тигип ойной беришет. Негизи эзелтен эле ичин жарбай ойноп келишкен. Текенин териси бышык жана чоюлма келет. Ал эми кой, козу жана эчкинин териси бат эле айрылып кетиши мүмкүн", — деди Жаркынбаев.
Текенин этин жиликтеп бүткөндөн кийин жубайы Жылдыз Койчуева жууп тазалап, куурдак жасоого киришти. Баса, Жылдыз апа кесиби боюнча ашпозчу экен. Кафеде иштеп жүргөндө жолдошу тамак жегени кирип, ошол жерден таанышып калганын айтып отурду.
"10 жылдан бери ушинтип улакчыларга, калыстарга куурдак жасап берем. Ири мелдештер өткөндө эртең менен саат алтыда туруп сегизге чейин бышырып даярдайм. Куурдакты жеп алып анан өз иштерине киришишет. Келээри-кечке талаада жүргөн адамдарга күч-кубат болот да", — деди Койчуева.
Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча мелдеш 15-мартта башталып "Аккула" ат майданында өтүп жатат. Эртең, 19-мартта жарым финалда "Ынтымак" — "Биримдик Аю", "Достук" — "Арашан" командалары күч сынашат. Финалдык бөлүгү Нооруз күнү болот.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.