Сузак: эңишке чыккан балбанды каршылаштын аты эки аяктап чапчып ыргытты. Видео

Жазылуу
Окуя кечээ, 20-мартта, эр эңиш боюнча таймаштын жарым финалында болгон

Жалал-Абаддын Сузак районундагы өткөн эр эңиште балбандын аргымагы эки аяктап тура калып, ээси менен кармашып жаткан кишини чапчып алды. Бул видеону Сузак районундагы "Телтору" ат майданында 20-мартта болгон окуяга күбө болгон адамдар жиберди.

Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео - Sputnik Кыргызстан
Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео
Sputnik Кыргызстан мелдешке күбө болгондордун бирин таап, окуянын чоо-жайын сурады.

Сузакта 15-марттан тарта Ноорузга карата улуттук ат оюндары боюнча турнир өтүп баштаган. Кечээ, 20-мартта, эр эңиш боюнча таймаштын жарым финалында ушул окуя болду.

Окуянын күбөсү Сузак районунун жашоочусу Мирбек Уметалиев төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Беттешкендер — Сузак районунун Барпы айылынын өкүлү Азамат, ал эми анын каршылашы Өзгөн районунун Көлдүк айылынын өкүлү Марат аттуу балбан болгон", — деди Уметалиев. Видеодо балбандар ат үстүндө бир топко чейин таймашканын көрүгө болот.

"Анан жанагыдай окуя болуп, ат эки аяктап тура калып экинчи балбанды чапчып жиберди. Калыстар мындай учурду алды кийин көрбөгөндүгүн айтышып, жеңишти эки аяктап тура калган аттын ээсине ыйгарышты", — деди жергиликтүү тургун.

Уметалиев аттан жыгылган балбандын ден соолугуна зыян келбегендигин, жыгылган жерден туруп атына кайра мингенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0