Маршрутка айдагандарга кандай эреже бузганы үчүн айып салынат? Рейддин видеосу

Жазылуу
Бишкекте коомдук транспорттун абалын жана ишин текшерүү боюнча 22-мартта башталган рейд 25-мартта жыйынтыкталат. Иш-чара Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлүүдө.

"Микроавтобус" аталышындагы рейддин биринчи күнүндө эле түрдүү эреже бузуп жана техникалык абалы начар болгон маршруткаларга 67 протокол түзүлгөн.

Жолду өтүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жолдун туура эмес жеринен өткөндөргө айып салынууда
Инспекторлор биринчи кезекте маршруттук таксинин техникалык абалын, фараларын, тормозун, маңдайкы терезенин сынып-сынбаганын, жүргүнчү отура турчу орундуктардын санын текшерет.

Бишкек ШИИБдин ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Турусбек Абдыжапаровдун айтымында, протокол түзүлгөндөн кийин айдоочу көрсөтүлгөн нерсени оңдоп, аны автоинспекторго көрсөтөт. Андан кийин гана айыпты төлөп ишин уланта алат.

Мындай рейддер жол кырсыгын алдын алуу максатында такай өткөрүлүп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0