Кыргызстандагы эң кичинекей айылдын жашоо-шарты. Видео

Жазылуу
Боом капчыгайынан өткөн ар бир киши бул айылды көргөн. Ал Кыргызстандагы эң кичинекей айыл катары эсептелип, жакында эле пайда болгон. Бирок анын өзүнүн уламышы бар.

Жайында Бишкектен Ысык-Көлгө каттагандардын баары "Кыз-күйөө" айылынан өтөт. Бул жерде кишилер кантип жашайт деп ойлодуңуз беле? Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары айылга барып, ал жактагы турмуштан кабар алып кайтты.

Айыл тууралуу кызыктуу фактылар:

— Анын аянты болгону 2,5 гектарды түзөт. Салыштырып караганда "Ала-Тоо" аянтынан бир аз гана чоң;

— Айылда 23 үй-бүлө жашайт. Кишилердин саны 105ти түзөт;

— Айыл 1951-жылы негизделген;

— Жашоочулардын бардыгы темир жолдо иштейт;

— Кичинекей балдарды коңшу айылдагы мектепке алып барып келүү үчүн атайын автобус бар.

Айылдын тарыхы боюнча уламыш бар экенин жергиликтүү аксакал айтып берди. Ал өмүр бою темир жолдо иштеп, айыл негизделгенин көргөн кишилердин бири.

Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылыныен башкы жолу - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин келинине кантип жолуктук. Тунгуч президенттин айылынан репортаж
"Бул окуя илгери болуптур. Ысык-Көлдө бир жигит кызды сүйүп калган экен. Бала кедей болгондуктан кыздын атасы алардын үйлөнүүсүнө каршы болгон. Жаштар бири-бирин аябай жакшы көргөндүктөн качып кетишкен. Атасы алардын артынан куудурганда жаштар айласыздан тоо таяна качууга аргасыз болгон. Ошентип сүйүшкөндөр ушул жерге келишкен. Андыктан айыл Кыз-Күйөө деп аталат", — деди аксакал.

Бул уламыштан бери айылдын жашоочулары көбөйгөн. Айрымдары темир жолдо иштеш үчүн бул жакка көчүп келишет. Жергиликтүү тургун Ринат Иманалиевдин айтымында, жашоочулардын айлыгы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт. Ринат темир жолдо иштегенине 10 жылдын жүзү болду.

"Күн сайын эртең мененки саат 7:45те жумушка барам. Рельстерди текшерип, болтторду карайм. Темир жол капчыгайдан өткөндүктөн рельстерге таш түшүп калат. Айрым учурда сел жүргөнүн да көрөбүз. Буларды убагында байкап тазалап турабыз. Убакыт тез өтөт. 10 жыл ичинде үйлөнүп, эки балалуу болдум", — деди Иманалиев.

Кыз-Күйөө айылынан өткөн темир жол Балыкчыга чейин барат. Тоо боорунда калкылдаган поезд Ысык-Көлгө жүргүнчүдөн тарта, түрдүү жүктөргө чейин ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0