Үндүктөргө арача түшкөн наристе. Жүрөк жылыткан видео

Жазылуу
Билдирүүнүн алдына жылуу сөздөр көп жазылган

Facebook тармагында Дина Дина аттуу колдонуучу жарыялаган видео популярдуу болуп жатат. Тасмада бири-бири менен согушуп жаткан үндүктөрдү божол менен үч жаштагы бала ажыратып, "урушпагыла" деп жатканын көрүүгө болот.

Проект модели в грязи —  подборка самых грязных районов столицы - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: баткак кечкен моделдер, таштанды тазалаган секелектер
Алгач наристе бир үндүктү канатынан тартып, токтотууга аракет кылат, бирок кадр артындагы үн канаттууларды мойнунан кармоого кеңеш берет. Чокушкан үндүктөрдү ажыратууга бала көпкө чейин аракет кылып, окуянын аягы эмне менен бүткөнү белгисиз бойдон калды.

Видеону жайгаштырган колдонуучу тасма Кыргызстанда тартылганын айтып, бирок ага да туугандары жибергендиктен өлкөнүн кайсы жеринде жана качан тартылганына жооп бере алган жок. Белгилей кетчү жагдай, кадрда бала менен аны тартып жаткан киши кыргызча сүйлөшүүдө.

Билдирүүнүн алдына бир топ жылуу сөздөр жазылган. Айрымдар баланы Кофи Аннан менен да окшоштуруп жиберишти (БУУнун 1997-2006-жылдардагы башкы катчысы).

Жаңылыктар түрмөгү
0