Путин жарыялаган Россиянын жаңы куралдары кандай иштейт. Видео

Жазылуу
Жакында эле Владимир Путин Россиянын курал-жарак системасындагы акыркы жетишкендиктери тууралуу айткан. Бул видеодо аталган курал-жарактар эмнеге иштелип чыкканына түшүндүрмө берилген. Ошондой эле алардын иштөө тартиби жана алар дүйнөдө кантип тынчтыкты сактоого өбөлгө болору айтылат.

Россиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Путин: Россияга каршы өзөктүк курал колдонулса жооп ошол замат берилет
RT телеканалы "Кинжал", "Сармат" жана "Авангард" аттуу куралдануу системасындагы жаңы рекаталар тууралуу сюжет даярдады. Ошондой эле анда суу алдында өзү сүзө турган аппарат жана чексиз аралыкка уча ала турган өзөктүк күчү бар ракета тууралуу баяндалат.

Бул курал-жарактар АКШны тынчсыздандырууда. Пентагондун Стратегиялык башкаруусунун башчысы генерал Жон Хайтен Россиянын жаңы курал-жарактарынан найтыжалуу коргонуу үчүн жабдуулары жок экенин айткан. Батыш мамлекеттеринин НАТОнун күчтөрүн чыгышты карай жылдыруусу жана ПРО системаларын орнотуусу Москваны АКШ тарабынан бузулган өзөктүк паритетти калыбына келтирүүнүн жолун издөөгө мажбур кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0