Топ тийгенден кийин тилин жутуп алган футболчу өлүп кала жаздады. Видео

Жазылуу
Аз жерден калган футболчуну командадагы оюнчу сактап калган

Словакиялык футболчу жана "Зенит" командасынын мурунку коргоочусу Мартин Шкртел Таиланддын курама командасы менен ойноп жаткан маалда тилин жутуп алып, аз жерден өлүп кала жаздады.

Хоккей. КХЛ. Матч Витязь - Металлург (Магнитогорск) - Sputnik Кыргызстан
Хоккейчи конькиси менен казак дарбазачысынын кокосун каната тепти. Видео
Окуянын видеосу El Diego аттуу колдонуучунун YouТube-каналына жарыяланган. Кырсык биринчи таймдын ортосунда болгон. Шкртелдин башына жакын эле жерден топ тийип, ал эсин жоготуп чалкасынан түшкөн. Командадагы жолдошу Ондрей Дуда чуркап келип, футболчуну кырына жаткыра калып, тамагына кеткен тилин сууруп чыккан. Андан соң Шкртелга дарыгерлер жардам көрсөтүп, оюнга кайтып келген.

The Sun басылмасынын маалыматында Таиланд менен Словакиянын футболчулары өткөн жекшемби күнү Бангкокто жолугуп, оюн 3:2 эсебинде словактардын пайдасына аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0