Бишкекте эң сулуу бийкеч кантип тандалды. Видео

Жазылуу
Бейшемби күнү борбор калаада "Бишкек сулуусу-2018" сынагынын финалы болуп өттү

Бишкектин сулуусу деген наамга 20 кыз ат салышты.

Финал конкурса Мисс Бишкек — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги сынакта эң сулуу селки тандалды. Сүрөт
Жыйынтыгында жеңишке "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын "Серкеч сулуусу" наамын ээлеген 22 жаштагы Сезим Асранкул кызы жетти.

Бишкектин жаңы сулуусу Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунда билим алууда.

Шаар сулуусун тандоо сынагы ушуну менен алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Былтыркы сынактын жеңүүчүсү деп 17 жаштагы Айзирек Мыктыбекова аттуу студент табылган. Бирок ал кийин турмушка чыккандыктан наамынан баш тарткан.

Сынактын финалына катышкан ай чырайлуу сулууларга биздин сүрөт түрмөктөн суктанып койсоңуз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0