Бишкек тургуну соода борборлорунда өрт коопсуздугу сакталбаганын тартып алды. Видео

Жазылуу
Facebook тармагына Бишкек тургунунун борбор калаадагы беш соода борборлорун кыдырып чыккан видеосу жарыяланды

Кадрларда көрүнүп тургандай, шаар тургуну "Бета Сторес 1", "Бишкек парк", Asia Mall, "Технопарк" жана "Чынар" соода борборлорун кыдырган.

Пожар на нефтебазе в Киевской области - Sputnik Кыргызстан
Өрт чыкканда эмне кылуу керек? Жардам берчү 8 кеңеш
Алардын ичинде экөөнүн имаратында өрт коопсуздугунун эрежелери бузулганын байкаган. Мисалы, "Бета Сторес 1" соода борборунда балдар ойногон аянтча жайгашкан жогорку кабатта сыртка чыгып кетчү кошумча эшик жок. Ал эми 3-кабаттагы өрт учурунда чыгууга ылайыкталган эки эшиктин бири эски шкаф жана коробкалар менен тосулуп калса, экинчиси кулпуланган.

Болгону 2-кабатында гана сыртка алып чыкчу тепкичке алып барган коридор бош.

Кудай сактасын дейли, бирок "Технопарк" соода борборунда өрт чыкчу болсо, сыртка чыгуу бир топ татаал болуп калышы ыктымал. Анткени балдар ойночу аянт жайгашкан экинчи кабатта биринчи кабатка түшүүчү бир тепкич жана бир гана эскалатор бар.

Ал эми башка соода борборулорунан видеонун автору одоно эреже бузууларды байкабаганы көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0