Ажайып экен! Ошто Ак-Бууранын үстүнө курулган жайкы сахнанын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Ушуну менен эң чоң эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен үчүнү көпүрө курулуп бүттү

Атамбаев Ош шаарындагы көпүрөнүн ачылышына катышып, элди ынтымакка чакырды
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахна пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземи кечээ, 29-мартта кечинде болуп өттү. Бул туурасында калаа мэриясы кабарлады.

Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, өкмөттүн ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, мэр Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Кадырбаев өз сөзүндө Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары да калаада курулуш революциясы уланарын билдирди.

"Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи. Подиумдун узундугу 60, туурасы 40 метрди түзөт. Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомго бааланган", — деп айтылат маалыматта.

Как может измениться центр Бишкека: 3D-эскиз - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борбору кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн. 3D эскиз
Иш-чаранын жүрүшүндө профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн өлкөнүн опера, эстрада, фольклордук ырчы, бийчилеринин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Эскертке кетсек, акыркы үч жылдын ичинде Ош шаарында үч чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылып, андан үнөмдөлгөн акчанын эсебинен Насирдин Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0