M-1 Global: КР мушкери Нурелес 12 секундада атаандашын сулата тээп салды. Видео

Жазылуу
Турнир Россияда өткөн

Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, Мухаммед Умар спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
ММА, Панкратион федерацияларынын президенти Өмүрзаков: эрежесиз эр урушка каршымын
Кыргызстандык мушкер Нурелес Айдаров M-1 Global лигасынын Challenge 90 турниринде атаандашын утуп алды. Таймаштын видеосу аралаш мушташ боюнча спорттук уюмдун YouTube каналында жарыяланды.

Анда Нурелес Айдаров 59 килограмм салмак ченинде россиялык Олег Личковаха менен кез келип, кармаштын биринчи раундунун 12-секунадасында эле нокаут менен жеңишке жетти.

Комментаторлордун айтымында, Айдаров россиялык мушкердин атаандашынын ордуна чыккан.

"Биз байкагандан кыргызстандык мушкерлердин көбү колдун соккусуна көбүрөөк басым жасайт. Нурелес башка мушкердин ордуна чыкса да, мыкты беттеш тартуулады", — дешти алар.

Нурелес Айдаров аралаш мушташ (ММА — ред.) боюнча бир нече профессионалдуу кармаштардын жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0