Атамбаев: Сооронбай Жээнбековго мен айтпасам ким айтат

Жазылуу
31-мартта Бишкекте КСДП партиясынын съезди болуп, Алмазбек Атамбаев төрага болуп шайланды

Съездден кийин Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу айтылган имиштерге түшүндүрмө берди.

"Сооронбай Жээнбеков эски досум, 23 төрт жылдан бери чогуу жүрөбүз. Кээде ага эч ким айта албаган нерселерди айтууга туура келет. Ыймандуу бийде тууган жок деп мен айтпасам ким айтат", — деди ал.

Атамбаев болгонун болгондой айтып коюу анын парзы экенин кошумчалап, кеңеш сурап кайрыла турган болсо жардам берерин айтты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго эң оор учур туш келгенин, анткени Кыргызстанды президенттик мамлекеттен парламенттик өлкөгө өткөрүүнүн акыркы этабы колуна тийгенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0