Мэрия бунт чыгарган маршруткачыларды ымга келтирип жолго салды. Видео

Жазылуу
Бүгүн борбор калаада дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес. Буга байланыштуу мэриянын жыйындар залында маршруттук компаниянын жетекчилери менен мэр, Транспорт министрлигинин өкүлү жана Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйын жабык эшик артында өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Жолугушуу бүткөндөн кийин Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов чыгып кырдаал тууралуу маалымат берди.

Ага чейин иш таштоого чыккандар бир нече талаптарды коюп, анысы аткарылмайын каттамга чыкпай турганын айтышкан.

"Айдоочулардын 50-60 пайызы эле камсыздандыруу полисин алганга үлгүрүптүр. Ошон үчүн мөөнөтүн бир-эки жумага узартып турууга аракет кылабыз. "Жол инспекторлору аша чаап, айып пул салып жатат" дегени боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча шаардык башкармалыктын начальниги маселени чечип берерин айтты. Ал эми тарифтер бир күндө чечилчү нерсе эмес. Жакшылап эсептеп чыгып, анан бир жыйынтыкка келебиз дедик. Бирдиктүү форма өз ара макулдашылган болчу. Мындан баш тарткандарга эч ким чара колдонбойт. Экинчи тилкеден бурулуу боюнча жолчулар карап чыгып, коопсуз жерлерден гана бурулууга уруксат беребиз дедик", — деди Атыканов.

Ал эми иш таштоону кимдер уюштурганы аныкталган эмес, бул боюнча башка кызматтар да иш алып барып жатканын айтты. Айдоочуларды "каттамга чыккан маршруткалардын терезесин таш менен талкалап кетебиз" деп коркутушкан. Бирок бул боюнча фактылар катталган жок.

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
"Келишимдерди карап чыктык, каттамдарды токтоп калуусу боюнча эч кандай чара колдоно албайбыз. Эми ушул боюнча келишимдерди оңдоп-түзөп кайрадан иштеп чыгабыз. Жакын арада даяр болот. Троллейбус менен автобустарды күчөтүлгөн тартипке өтүүгө тапшырма бердик. Учурда 130га чукул автобус, 110 троллейбус кызмат көрсөтүп жатат. Алар түнгө чейин иштешет", — деди ал.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында фирманын жетекчилери эл ташыган айдоочуларды бүгүн кечке чейин ишке чыгарууга макул кыларын айтышкан.

Маршрутка айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу кырдаалга Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан көз салып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0