Бука тызылдап качкан кишини өлтүрө челип салды. Испаниядагы фестивалдын видеосу

Жазылуу
Испаниянын Аркос-де-ла-Фронтера шаарында жаалданган бука пасха фестивалы жүрүп жаткан учурда кишини өлтүрө сүзгөн. Бул видео YouTube каналына жарыяланган.

45 жаштагы испаниялык энсьерро деп аталган улуттук майрам учурунда жабыркады. Анда адам короодон жаңы чыгарылган бука, уй же торпоктон качып, көңүл ачат.

В Индии бык напал на женщину, подбросив ее в воздух — шокирующее видео - Sputnik Кыргызстан
Индияда бука аялды асманга челип ыргытты. Жүрөк үшүн алган окуянын видеосу
Роликте бука чуркап өтө калайын деген кишини курч мүйүздөрү менен челип ыргытып, жерде жаткан жеринен бир нече ирет сүзгүлөгөнүн көрүүгө болот.

The Local басылмасы жаалданган жаныбар кишинин көкүрөк жагын жана белин болуп көрбөгөндөй жабыркаткандыгын жазды. Ошол жердегилер аны тез арада ооруканага жеткиргени менен өпкөсү бир нече жеринен тешилгендиктен, дүйнө менен кош айтышкан.

Буга чейин Кытайда жапайы каман эркек киши менен келинин чалып салган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0