Назарбаев бөлгөн акчага салынган Бишкектеги мектеп кайра жасалып жатат. Видео

Жазылуу
"Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган №82 мектеп үч жылга жетпей урап, пайдубалы 10-20 сантиметрге чейин чөгүп кеткен. Март айынын башында ызы-чууга түшкөн билим берүү мекемесинде учурда кайрадан курулуш иштери жүрүп жатат. Башкача айтканда, мектептин жер төлөсү капиталдык ремонттон өтүүдө.

Казакстандын президенти тарабынан бөлүнгөн каражатка салынган мектептин үч жылга жетпей урай башташынын себеби эмнеде, мектепти кайсы компания канча сомго курганын Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

№82 мектеп 2015-жылы пайдаланууга берилип, анын ачылыш аземине экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү барып катышкан.

Мектепти кайсы компания курган?

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин маалыматына ылайык, алгач билим берүү мекемесин мэрия курдура баштап, бирок каражаттын жоктугунан мектептин дубалы тургузулгандан кийин 10 жылга чейин токтоп калган.

"Ал ортодо Казакстандын президенти тарабынан мектеп салууга акча бөлүнүп, бул каражатка "Ала-Тоодогу" мектепти толугу менен бүтүрүү чечими чыгат. Ошентип бул иш биздин агенттикке тапшырылып, билим берүү жайын аягына чейин "СМУ-3" курулуш компаниясы бүтүргөн", — деди аталган агенттиктин маалымат кызматы.

Мектепти курууга канча каражат кеткен?

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Грантка курулат деген мектеп эмнеге бюджеттин 109 млн. сомун сорду? Кайра эле ТВЕА
Жогоруда аталган агенттиктин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси Кушбак Жайчиевдин маалыматында мектепти курууга жалпы жонунан 243,4 миллион сом керектелген. Анын 162,8 миллион сому Казакстандын президенти тарабынан бөлүнгөн каражат болсо, 80,5 миллион сомун мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы төлөгөн.

"Мектепти кураарда сейсмологиялык институттун "андан ары улантып сала берсе болот" деген корутундусун алып, анан баштаганбыз", — деди Жайчиев.

Үч жылга жетпей эмнеге чөгүп кетти?

Мектепти толук куруп бүтүргөн "СМУ-3" курулуш компаниясынын жетекчисинин сапат жана коопсуздук боюнча орун басары Шайман Сартбаев мектептин үч жылга жетпей чөгө башташын туура эмес эксплуатация менен байланыштырды.

"Биз бул мекемени 2014-жылы кура баштаганбыз. Анда мектептин пайдубалы жана 1-блоктун эки кабаты гана бүткөн эле. Мамлекеттик курулуш агенттигинин тапшырмасы менен бир жыл аралыгында бүтүрдүк. Курулуш иши аяктаганда сейсмологиялык институт пайдубалы жакшы деген жыйынтык чыгарып берген. Бул жерден мектеп жетекчилиги туура колдонгонду билбей койду. Башкача айтканда, мектеп негизи 700-750 окуучуга гана ылайыкташылып салынган. Бирок азыр бул жакта 1500дөн ашык бала билим алат экен. Анын саркынды суулар топтолгон жайы да аз окуучуга ылайыкталган. Аны да айына бир жолу сордуруп туруш керек болчу. Бирок суу убагында сордурулбай канализация жарылып кеткен", — деди Сартбаев.

Ал эми мектеп жетекчиси Светлана Кенжебаеванын айтымында, билим берүү мекемесинде курулуш көйгөйү 2015-жылы мектеп салынган жылы эле башталган.

Мектептин тамындагы жараңкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулаган, эскирген, тамчы аккан мектептер. Жөө-жалаңдап каттап, боз үйдө окуган балдар
"Ошол жылы бир кабинети чөгүп, бирок кайра келип оңдошуптур. Анда мен жетекчи эмес болчумун. Эми бул көйгөйдү саркынды суулар топтолуучу жайга байланыштырып жатышат. Бирок биз бир айда үч жолу сууну сордуруп турчубуз. Көрсө мектеп курулуп жатканда полдорго темир тор деген ташталбай эле топурак тапталган соң цементтеп коюшуптур. Мектепте ремонт иштерине байланышкан көйгөйлөр февралдын аягында башталды. Канализацияга кетчү түтүк жарылып, суу алдынан кете бериптир. Ошентип биринчи ашканабыз, анан жер төлөдөгү башка бөлмөлөр чөгө баштаган", — деди Кенжебаева.

"Ала-Тоо" жаңы конушунда эки мектеп бар. Жаңы мектеп 700 балага, ал эми эскиси 340 окуучуга ылайыкташканы менен учурда эки мектепте биригип 2867 окуучу билим алат.

"Эки мектепте тең балдар үч смен менен окушат. Башталгыч жана жогорку класстын окуучулары жаңы мектепте, ортоңку звено эски мектепте билим алчу. Эми бул жактын ашканасында курулуш иштери жүрүп жаткандыктан башталгыч класстын балдарын эски мектепке которууга туура келди", — деди мектеп жетекчиси.

Жакында эле курулуш агенттигинин алдындагы сейсмологиялык институт да жаңы мектептин техникалык абалын толугу менен текшерип чыгып, "мектептин абалы жалпы жонунан жакшы, балдар окуса болот" деген болжолдуу жыйынтык чыгарып берген. Ал эми мамлекеттик курулуш агенттиги мындай кырдаал кайрадан кайталанбашы үчүн Ленин райондук администрациясынын башчысы 2018-жылга мектепке дагы бир саркынды суулар топтолуучу жайды куруп берүүнү убадалаганын кошумчалады.

Балдар чуңкурда окуйбу? Мектеби жок айыл элинин арманы - Sputnik Кыргызстан
Балдар чуңкурда окуйбу? Мектеби жок айыл элинин арманы
Учурда мектептин жер төлөсүндөгү полдун кафелдери толугу менен алынып, темир тор ташталып, кайра цементтелип жатат. Ал эми окуучулар үстүңкү кабаттарда окууну үзгүлтүккө учуратпай эле окуп жатыптыр. Аны кайра жасоого кеткен чыгымдын баарын "СМУ-3" курулуш компаниясы өз мойнуна алган. Бирок алар ремонт иштери бүткөн соң мектеп жетекчилиги менен соттошорун да айтты.

Эске салсак, "СМУ-3" курулуш компаниясынын түзүлгөнүнө 42 жыл болгон. Алар буга чейин Бишкектеги ат майданын жана башка көптөгөн турак жайларды салып, борбордук аянттагы Манастын эстелигин да орнотушкан. Мындан сырткары, жакында эле тарых музейиндеги реконструкция иштерин да аталган курулуш компаниясы жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0