Бишкектин кыштан чыкпай калган жолдору, коңторулган тротуар. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарында 2017-жылы курулуп пайдаланууга берилген жолдордун сапатына байкоо салып келди.

Өткөн жылы борбор каланын жолдорун оңдоого бюджеттен 696 миллион сом бөлүнүп, ал каражаттарга 57 көчө жасалган. Андан сырткары, Кытай Эл республикасынын насыясына 95 чакырым жол жарым-жартылай курулган. Бирок ал пайдаланууга берилген жолдордун сапатына шаар тургундары нааразы болуп келүүдө. Күз мезгилинде колдонууга берилген көчөлөр жазга жетпей эле талкаланып калган.

TBEA ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Кыргызстанга 27 миңден ашуун кытай келген. Алар эмне иш кылат?
Мэрия ал жолдор Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы, "Жолду сыноо лабораториясы" менен "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан тыкыр текшерилип кабыл алынып жатканын билдирди.

Ал эми адистер мэриянын түзүмдөрү тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгын айтып чыгышты.

Көп жыл жолчу болуп иштеген Талант Садакбаевдин айтымында, шаар бийлигинде жолдун сапатын аныктай алган техника жана лаборатория жок.

"Мэриянын алдындагы эч бир мекеме ЕАЭБдин техникалык регламентинин негизинде текшерүү жүргүзө албайт. Себеби аларда тиешелүү техника жана лаборатория жок. Ошондой жасалып бүткөн жолдор бардык талаптардын негизинде кабыл алынууда деп ишенип болбойт. Текшергендер жетекчиликтерине көз каранды болууда", — деди Садакбаев.

Өткөн жылы ири суммадагы акча сарпталып жасалган жолдордун кичинекей бөлүктөрүн жергиликтүү ишканалар жасаган. Ал эми ири курулуштарды кытайлыктар аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0