"Ош" базарында кайтадан өрт чыкты. Видео

Жазылуу
Бишкектеги "Ош" базарында ушуну менен быйыл үчүнчү жолу өрт чыгууда

Бул ирет "Береке Гранд" соода борборуна жакын жердеги тазалык каражаттарын сатуучу жай күйүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын жеринен билдиришинче, контейнер өрттөнүп, аны өрт өчүрүүчүлөр өчүрүүгө аракет кылышууда. Кырсык болгон аймакты милиция кызматкерлери курчоого алды.

Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 6-мартта катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0