"Ош" базарында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 3:52де келип түшкөн

Бишкектеги "Ош" базарындагы "Берекет" майда дүң соода базарында чыккан өрт саат 7:40та чектелди.

Өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 3:52де келип түшкөн. Учурда кырсык болгон жерде 13 атайын техника, куткаруучулар иштеп, тез жардам бригадасы күзөтүп турат.

Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0