Өрттөн кийинки "Ош" базарынын көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Жалын "Берекет" базарынын бир бөлүгүн жалмап кетти

Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базары атайын өрттөлгөн. Кырсык боюнча ӨКМдин алдын ала берген жообу
13-апрелге караган түнү "Ош" базарынын аймагында ири өрт чыкты. Тилсиз жоонун очогу Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган "Берекет гранд" соода борборунун жанындагы "Берекет" майда дүң базарынан чыккан. "101"кызматына маалымат 3.52де түшүп, төрт сааттан кийин мизи кайтарылган.

Жеринде өрт өчүрүү боюнча 11 унаа иштеди.

ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, өрт атайылап коюлган. Тилсиз жоо жалмаган аянт 2 миң чарчы метрди түздү.

Бул быйылкы жылы "Ош" базарында чыккан үчүнчү өрт. Биринчиси —30-январь, экинчиси —5 март күндөрү болгон.

"Ош" базарында учурдагы абал кандай болуп жатканын биздин тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0