(3:57 / 27.88Mb / )

Миллиондогон акчабыз күйдү! "Ош" базардын күйүткө баткан соодагерлери. Видео

7276
(жаңыланган 12:12 16.04.2018)
Түн жарымда чыккан өрт жүздөгөн соодагерлерди сызга отургузду. Айрымдары товары эле эмес, чогултуп жаткан накталай акчасы да күйүп кеткенин айтып боздойт. Күлгө айланган мээнетин карап туруудан башка айласы жок, башкалары жалын жетпеген товарларын ташып чыгууда.

"Ош" базарда 13-апрелдин таңында кайрадан өрт чыкты. Мунусунда идиш-аяк, кездеме, кийим-кече жана тиричилик буюмдары жана таттуулар сатылган "Берекет" кичи базары күйүп кетти. Бул жерде жүздөгөн ишкер соода кылып жан бакчу. Алар базарга бирөө атайылап өрт койгон деп болжолдошууда. Айрымдары "белгисиз адамдар контейнердеги акчаларды алып чыгып анан өрттөп ийген, алар менен базардын күзөтчүлөрү урушуп бети-башы канжалап жүргөнүн көргөндөр бар экен" дешти. Анан да көпчүлүгү эле өрт башталганда милиция курчап базарга соодагерлерди киргизбей койгонуна нааразы. Болбосо жалынга алдырбай товарларды алып чыгып кетмекпиз дешет. Анткени бери жагы 500 миң, алды миллиондогон сомду түзгөн товар бар экен.

Кубаныч Салихов 15 жылдан бери ушул жерде идиш-аяк сатып иштечү. Анын да бар оокаты күлгө айланып кетти.

"Милиция бизди киргизгенде жалын жеткенге чейин товарыбызды алып чыгып кетмекпиз. Тосуп туруп алды да. Кийинчерээк болбой кирип өрт учурунда колдончу суу түтүктөрүн ачып өзүбүз суу чачып өчүрүп жаттык. Бирок ага карабай күркөлөрүбүз күйүп кетти. Мен бирөө атайын өрттөдү дегенге кошулбайм. Муну базардын жетекчилиги жоопкерчиликтен качып эле айтышы мүмкүн", — деди Салихов.

Ал эми Гүлжан Мырзабекова жалпы баасы миллион сомдон ашкан таттууларды сатчу. Ал кечээ жумуш аяктаганда эки күндөн бери соода кылган акчасын да контейнерине калтырып кеткен экен.

"Эртең менен саат 5те уктук. Келсек баары күйүп бүтүп калыптыр. Бизди киргизген жок, бир нерсе алып чыкканга жетишкен жокпуз. Иштегениме 20 жылдан ашты. Бул жерде миллиондогон акчалар менен иштешет да. Дагы товар алам деп чогултуп койгон акчамды да калтырып кеткем. Көбү эле акчаларын таштап кетет да", — деди соодагер.

Жалындаган от төрт сааттын ичинде чектөөгө алынды. Тилсиз жоо жалмаган аянт 2000 чарчы метрди түзгөн. Жеринде өрт өчүрүү боюнча 11 унаа иштеген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да базарга бирөө атайлап өрт коюушу мүмкүн деп жатат. Бул боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду.

Бул быйылкы жылы "Ош" базарында чыккан үчүнчү өрт. Биринчиси 30-январь, экинчиси 5-март күндөрү болгон.

"Ош" базарында учурдагы абал кандай болуп жатканын биздин тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

7276
Белгилер:
соодагер, өрт, Ош базары
Тема:
"Ош" базарындагы үчүнчү өрт (26)
Тема боюнча
Митингге чыккан "Ош" базарынын соодагерлери ЖК төрагасы менен жолугат. Талаптар
"Ош" базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

539
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

539
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

83
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

83
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Таласта төө буурчак заводу. Архив

Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады

14
Айыл чарба министринин орун басары президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымына таянып президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Мукашев президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.

"Кыргыз тарап Түркияга Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча заводдорду ачууну сунуштады. Мындан тышкары, жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди", — деген министрдин орун басары.

Түркияга болгон расмий иш сапарда кыргыз тарап тамчылатып сугаруу системасын түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштурууну сунуштаганы кошумчаланды.

14
Белгилер:
завод, төө буурчак, Талас, айыл чарба, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Тема боюнча
Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү
Акылбек Жапаров: Түркия менен соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткирилет