(1:35 / 12.50Mb / )

"Ош" базарында соодагерлер менен милиционерлердин ортосунда жаңжал чыкты. Видео

6272
(жаңыланган 01:06 15.04.2018)
ИИМ кызматкери соодагер аялга орой сүйлөп жибергени үчүн жанында турган эркек киши аны жакалап жиберген

ИИМдин "Шумкар" аттуу атайын даярдыктагы полкунун кызматкерлери жолдун боюнда турган соодагер аялдарды сыртка чыгаруу аракетинен улам жаңжал чыккан.

Анда ИИМ кызматкери соодагер аялга орой сүйлөп жибергени үчүн жанында турган киши ортого түшүп аны жакадан тарткан. Экөө жакалаша кеткенде аялдар арачалап калышты. Андан соң өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахметов ортого түшүп тынчтандырды.

Көпчүлүк соодагерлер өрт башталганда милиция аларды базарга киргизбей койгонуна нааразы. Болбосо жалынга алдырбай товарларды алып чыгып кетмекпиз дешет. Базарда миллиондогон сомду түзгөн товар болгон.

Белгилей кетсек, 13-апрелдин түнүндө "Ош" базарынын аймагындагы Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" кичи базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен. 

Жалындаган от төрт сааттын ичинде чектөөгө алынды. Тилсиз жоо жалмаган аянт 2000 чарчы метрди түзгөн. Жеринде өрт өчүрүү боюнча 11 унаа иштеген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да базарга бирөө атайлап өрт коюушу мүмкүн деп жатат. Бул боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду.

6272
Белгилер:
соодагер, милиционер, Жаңжал, Ош базары
Тема:
"Ош" базарындагы үчүнчү өрт (26)
Тема боюнча
Мэрия "Ош" базарын шаардын четине көчүрүү маселесин карап жатат
Миллиондогон акчабыз күйдү! "Ош" базардын күйүткө баткан соодагерлери. Видео
Катуудан казан гана калганда. "Ош" базарындагы өрттүн сүрөттөрү

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

588
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

588
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

87
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

87
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Кит. Архив

Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

21
(жаңыланган 11:36 13.06.2021)
Океандын жээгинде лобстер уулап жүргөн балыкчыны кит жутуп алды. Адегенде ири толкун болгонун сезген киши андан кийин караңгынын кучагында калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШда кит жутуп алган балыкчы аман калды. Бул тууралуу CBS Boston телеканалы жазып чыкты.

Шумдук окуяга Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард кабылган. Ал Кейп-Код жарым аралында океанды жээктеп лобстер (деңиз рагы) уулап жүргөн.

Ага адегенде ири толкун болгону байкалган, анан эле караңгы болуп кеткен. Майкл адегенде акула жутуп алды деп ойлогон. Кийинчерээк киттин оозунда экенин билген. Жөн турбастан сүзүп, кыймылын уланткан. Бактысына алп жандык суунун бетине чыгып, оозундагыларын сыртка бүркүп, балыкчы океанга кулаган.

"Мен бошонуп, эркин болуп сүзүп кеттим. Өзүм да буга ишенген жокмун", — деген ал.

Жакын жердеги балыкчылар аны ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Майклдын майда тамырлары гана жабыркаганын аныкташкан. Башка эч кандай олуттуу жаракат алган эмес, эч жери сынган да эмес.

Окумуштуулар мындай окуя сейрек кездешерин белгилешет. Алардын айтымында, кит демейде адамга коркунуч келтирбейт, болгону суудагы майда балыктар жана башка деңиз жандыктары менен тамактанып жатканда кишини да кокусунан жутуп алышы мүмкүн.

21
Белгилер:
АКШ, окуя, кит, океан, адам
Тема боюнча
Торго түшкөн акуланы сууга кое беришкен. Боорукер балыкчылардын видеосу