Бишкекте эки унаа бет маңдай сүзүшүп кетти. Кырсыктан кийинки видео

Жазылуу
Бүгүн түндө борбор калаанын Шабдан баатыр көчөсүндө эки унаа кагышты. Кырсыктын кийинки учурду күбө видеого тартып алган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына жиберген күбөнүн видеосунан бет маңдай сүзүшкөн эки жеңил унааны көрүүгө болот. Жабыркагандарды Тез жардам унаасы алып кетип жаткан. Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы 14-апрелге караган түнү саат 00.15де Шабдан баатыр көчөсүндөгү темир жол өткөн көпүрөнүн астында болгон.

Белгилей кетсек, ал жактагы эки тараптуу жолду бир жагы оңдоо иштерине байланыштуу 8-апрелден бери жабык турат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0