Бишкекте унаалар оңдолуп жаткан жолду айланып, тротуар менен жүрүүдө. Видео

Жазылуу
Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына жиберген видеодо айдоочулар жол эжересин одоно бузуп, тротуар менен унаа айдап бара жатканын көрүүгө болот.

Кадрда көрүнүп тургандай, машиналар Чыңгыз Айтматов проспектисинин оңдоо үчүн жабылган бөлүгүнүн тротуары менен өтүп, Абсамат Масалиев көчөсүнө чыгып жатат.

Окурман бул айдоочулар жөө адамдарга коркунуч жаратып жатканын айтып, ошол эле учурда аталган аймакта орун алган жаңы конуштарга кирүүчү башка жол жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0