Дарманы калбай калган жөө күлүк марага жөрмөлөп жетти. Видео

Жазылуу
Марага бир нече метр калганда баса албай калган жеңил атлет жөрмөлөп жеткен видео тарады. Ал YouTube каналына жайгаштырылган.

Ганновер шаарындагы марафондо кениялык жөө күлүк Майкл Куньюнга марага тизелеп отуруп жеткенин NBC Sports кабарлады.

Спортчу марага бир нече метр калганда жыгылып калганы менен чымырканып тизелеп басып, экинчи болуп келген.

Куньюнга марафонду 2 саат 10 мүнөт жана 16 секундада чуркап өткөн.

Телеканал мелдеш учурунда сызгырган ысык болуп турганын да жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0