Балыкчы өлүп калган акуланын ичин жарып, балдарын сууга кое берди. Видео

Жазылуу
46 жаштагы Мэтью өлүп калган жандыктын курсагын кесип, балдарын сууга кое берген.

Австралияда балык кармаган жаран акулага "кесарево" жасап балдарын сууга кое берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Daily Mail басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

46 жаштагы Мэтью өлүп калган жандыктын курсагы кыймылдап жатканын байкап калган.

"Буга чейин мындайды кылып көргөн эмесмин, бирок көптөн бери балык кармоо менен алектенем. Балким ошондуктан балдарын тезирээк алып чыгуу керектигин түшүнүп ушундай ишке бардым", — деп Мэтью билдирген.

Ал ошондой эле акуланы үй-бүлөсү менен жегенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0