КамАЗдын дөңгөлөгүндө калган аялдар кырсык болгон жерден көз жумду. Видео

2123
(жаңыланган 18:41 17.04.2018)
Бишкекте КамАЗдын айдоочусу Ауэзов көчөсүндө түндүктү көздөй бара жатып, эки аялды коюп кетип, алар ошол жерден каза болгон. Кайгылуу окуянын күбөсү болгон адам Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына кырсыктын видеосун салып жиберген.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиргенине караганда, кырсык 16-апрелде кечки саат алтылар чамасында болгон. Учурда окуя болгон аймакта Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Милициядан тиешелүү экспертизалар жайындалгандыгын кошумча кабарлашты.

2123
Белгилер:
милиция, өлүм, камаз, кырсык, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (278)
Тема боюнча
Бишкекте эки аял КамАЗ алдында калып көз жумду. Жеринен алынган кадрлар
Пикирлер