Англия: эски сепилдин үстүнөн чаап бараткан "арбак" видеого түшүп калды

3188
(жаңыланган 14:56 17.04.2018)
Британиялык Томас Арнольд Глостершир аймагындагы Беркли деп аталган эски сепилди асмандан видеого түшүрүп жатып, табышмактуу сөлөкөттү кошо тартып алган.

The Daily Mail басылмасынын маалыматтарында видеодогу картина өтө кызыгууну жараткандыгы, анда "сепилдин үстүнөн чаап бара жаткан апакай сөлөкөттү байкоого болору" жазылган.

Ал кишинин айтымында, бир саамга тартып жаткан дронун аралыктан башкара албай калып, бирок жан-алакетке түшүп жатып, кайтарып алганга үлгүргөн. Томас Арнольд адатта бул техниканы андан алыс аралыкка чейин учуруп, кайра эч кыйынчылыгы жок кайтарып алып жүргөнүн айтып берген. Оператор дал ушул учурда жанагы табышмактуу сөлөкөт сепилдин үстүнөн чаап бараткан болчу деген бекем ишенимде.

Арнольддун видеосу социалдык тармакта көп талаш-тартыш пикирлерди пайда кылган.

Беркли сепили Бристолго жакын аймакта англиялык Глостершир графтыгында 1067-жылы курулган. Ал жер Улуу Британиянын тарыхында падыша Эдуард IIни камап жана өлүм жазасына тарткан аймак катары белгилүү.

Бул сыяктуу табышмактуу сөлөкөттөр жана арбактар Британиянын тарыхый жерлеринде көп кездешет. Мындан бир нече күн мурда турист аял байыркы Тотнес сепилинен да укмуштуу көрүнүшкө күбө болгон. 

3188
Белгилер:
сөлөкөт, арбак, сепил, Улуу Британия
Тема боюнча
Британиялык турист эски чептин ичинен "арбакты" сүрөткө тартып алды
Кайдан-жайдан пайда болгон "арбак машина" элди аң-таң калтырууда. Видео
Пикирлер