200 миң доллар пара алган аткаминер кармалганда кебелип да койгон эмес. Видео

Жазылуу
Аткаминер УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү тарабынан колго түшүрүлгөн.

АКШ долларларын чөнтөгүнө салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
УКМКнын маалымат кызматы Башкы прокуратуранын кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган учурунун видеосун таратты.

Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев пара алып жаткан жеринен кечээ, 16-апрелде, колго түшүрүлгөн.

Аткаминер УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0