ВВС каналынын түз эфири учурунда үч унаа кагыша кетти. Видео

Жазылуу
Кырсык жаңылыктар айтылып жатканда болгон.

Телеканалдын маалыматы боюнча Элисон Фримен аттуу репортер Уимблдондун Жогорку сотунун жанынан түз эфир жүргүзүп жаткан.

Күтүүсүз эле журналисттин артында үч унаанын кагыша кеткенин көрүүгө болот. Көк түстүү Nissan автосу Peugeot унаасынын арт жагын сүзүп, ал фургонду кагып салган.

"Кечиресиздер, бирок соттон тышкары да көп окуя болорун көрүп жатсаңыз керек", — деген Фримен.

Жогорку сот имаратынын жанында жол кырсыктары тууралуу маселе да каралып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0