Бишкектин жака-белинде мас айдоочу үч унааны кагып кетти. Кырсыктан кийинки видео

Жазылуу
Жол кырсыгы 17-апрель күнү кечинде Пригородное айылына чукул айланма жолдо болгон.

Чүй облусунун Пригородное айылына жакын айланма трассада Honda CR-V үч унаанын катары менен сүзүп, жолдон чыгып кеткен. Анын видеосун Мээрим Айныкеева аттуу колдонуучу YouTube каналына жарыялады.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктады.

"Окуя 17-апрель күнү кечинде болгон. Honda CR-V унаасынын айдоочусу жол четинде турган үч унааны сүзүп, андан кийин из жашырууга аракет кылган", — дешти милициядан.

Маалыматта айдоочу жерине келген тартип сакчыларына каршылык көрсөткөнү, наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында анын мас экени ачыкталганы айтылат.

Үч унаага келтирилген материалдык зыянды кырсыктын күнөөкөрү мойнуна алды. Чыр ошол эле жерден чечилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0