Техаста полиция кирип келе жаткан үй жарылып кетти. Видео

Жазылуу
Техаста полиция кызматкери аз жерден жан таслим болуп кала жаздады. Себеби, ал жол тандабас барып урунган үйгө кирер алдында имарат жарылган.

Жарылуу болгон учур полиция унаасындагы видеокамерага тартылып калган.

New York Post басылмасынын жазышынча, Форт-Уэрта шаарында жолтандабас турак жайдын дубалын барып сүзүп, газ куурларын жабыркаткан. Окуя болгон жерге офицер Трэвис Хизер жана анын кесиптештери келген. Полиция кызматкерлери машинадан түшүп үйдү көздөй бет алганда ал жарылган.

"Мени көздөй чоң жалын бүркүп, жерге кулап түштүм. Үй жарылуудан чачырап, калдыктары чачылып калды", — деди ал.

Жарылуунун кесепетинен үч киши жабыркап, бирөө ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгына кабылган киши кармалды. Ал айдоочулук күбөлүгү жок машина айдаганы аныкталган.

Ушундай эле жарылуу буга чейин Кытайда катталып, ал да видео камерага түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0