Баткен аймагынын символу Айгүл гүлдөп, туристтерди өзүнө чакырууда

Жазылуу
Аба ырайынан улам, "Айгүл тоо" ботаникалык коругу өткөн жылга салыштырмалуу кечирээк ачылды.

Айгүл гүлү “Эдуарддын чаар гүлү” деген илимий аталышка ээ - Sputnik Кыргызстан
Айгүл-Тоого болгон зыярат
Баткендин символу болгон Айгүл гүлдөп, азыр аталган аймак көркүнө чыгып жаткан маал. Бул тууралуу Баткен аймактык токой чарба кызматынын өкүлү Аскарбек Дүйшөев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул жылы жаан-чачын көп болгондуктан, "Айгүл тоо" ботаникалык коругу өткөн жылга салыштырмалуу кечирээк ачылды.

Айгүл гүлү Баткен калаасынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл-Таш тоосунда өсөт. Бир айга созулган гүлдөө маалында аны көрүү үчүн миңдеген туристтер жана жергиликтүүлөр келишет.

"Учурда гулдү көргөнү күнүнө 500дөй адам келип жатат. Сейрек кездешкен айгүл Кыргызстандын Баткен аймагында гана өсөт. Бирок жаан-чачын көп болгондуктан корук кеч ачылды. Бир жумадан бери туристтер "Айгүл тоо" ботаникалык коругуна гүлдү көрүү үчүн келе баштады. Коруктун айланасына кирүү үчүн өткөн жылы жарандардан акы алына баштаган. Бул акчанын эсебинен Баткен токой чарба кызматынын бюджетине 2017-жылы 160 миң сом киреше түшкөн", — деди Дүйшөев. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭлдин кызыгуусун арттырган айгүл уругунан өсүп чыккандан соң, 7-8 жылдан соң гана гүлүн ачат
Разгар цветения краснокнижного растения Айгуль в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Элдин кызыгуусун арттырган айгүл уругунан өсүп чыккандан соң, 7-8 жылдан соң гана гүлүн ачат

Айгүл 7-8 жылдан соң гана гүлүн ачат

Элдин кызыгуусун арттырган айгүл уругунан өсүп чыккандан соң, 7-8 жылдан соң гана гүлүн ачат. Эгерде үзүп алса гүл кайра чыкпай калат. Андыктан токой кызматкерлери жана аны кайтарууга келген окуучулары гүлдү үзбөөнү эскертип турушат. "Айгүл таш" коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. "Айгүл таш" мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектарды түзөт. Ал 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын кызыл китебине кирген.

Ачык асман алдында кулпуруп өскөн айгүл гүлү
Маалыматка ылайык, айгүлдү үзгөндөн кийин жети жылда калыбына келет. Ай чыкканда коңгуроо сымал гүлү өйдө көтөрүлүп айды карап жайылат, ай батканда жерге ийилип гүлүн жабат. Ошол себептен айгүл деп аталып калган. Март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинде гүлүн ачат. Арадан 40 күн өткөндөн кийин гүлүн таштайт. Гүлдүн узундугу 50 см —150 см., 1ден — 20га чейин гүл байлайт.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, башына канча гүл байласа ошончо жашка чыккан болот.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет. Баткенден аймагынан башка Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында, Ооганстанда өсөт. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖергиликтүү жашоочулардын айтымында, башына канча гүл байласа ошончо жашка чыккан болот
Разгар цветения краснокнижного растения Айгуль в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, башына канча гүл байласа ошончо жашка чыккан болот

Айгүл менен Козулан баатырдын махабаты

Насекомые в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жандана баштаптыр! Бишкектин көзгө араң илешкен жашоочуларынын жазгы сүрөттөрү
Айгүл гүлү жөнүндө уламышта айтылгандай, Айгүл аттуу кызга жетүүнү көптөгөн баатырлар самаган. Бирок сулуунун арзыганы Козулан аттуу жигит даңкы далайга кеткен эр жүрөк баатыр болгон. Заман тынч эмес болуп, чет жактан басып кирген душмандардан туулган жерди коргоо үчүн салгылашуулар кайталанып турган. Ошондой күндөрдүн биринде элин, жерин коргогон согушка Козулан баатыр өз жигиттери менен аттанып кетет. Айылда жалаң кыз-келиндер, кемпир-чалдар калып, казатка кеткендердин аман-эсен келишин тилеп, күтүп калышат. Айгүл дайыма жигитин күтүп, айылга жакын жерде тоого чыгып, жол карап турчу экен. Согуштан келсе, эки жаштын тоюн өткөрөбүз деп айыл ичи камылга көрүп жатканда жаман кабар келет. Козулан согушта курман болгондугун Айгүлгө угузушат. Сүйгөнүнөн айрылган Айгүл чыдап тура албастан тоонун эң бийик жерине чыгып, аскадан боюн таштайт. Сулуунун каны чачыраган жерлерге кийинки жылы гүл чыгат. Жергиликтүү эл аны кыздын урматына Айгүл гүлү деп аташат. Ал жерде эки тоо бар — анын бирөөсүн Айгүл тоосу, маңдайдагы экинчи тоону Козулан тоосу деп атап коюшкан. Уламышта, ал жерге Козулан баатырдын жүрөгү көмүлгөн дешет. Ал арасында сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын тоосу бири-бирине жакын, бирок армандуу махабатын элестеткен сындуу катып турат дешет.

Жакында Бишкек шаарында Айгүлгө окшош гүл пайда болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0