От менен ойноп... Индиядагы шумдуктуудай жөрөлгөнүн видеосу тарады

Жазылуу
Ырымдын максаты — согуш кудайын тынчтантуу.

Индиянын Кейтил шаарынын тургундары салтка айланган Агни Кели аттуу жөрөлгө өткөрүштү. Эреже-шартка ылайык, катышуучулар эки топко бөлүнүп, 15 метр аралыктан бири-бирине күйүп жаткан кыска бутактарды ыргытышат. Ар бир кишиге бештен таяк ыргытууга уруксат этилген. "Согуш" 15 мүнөттүн тегерегинде болот.

Индиялыктар үчүн бул ырым көңүл ачкандан тышкары согуш кудайы — Дурганы тынчтантуу максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0