Кытайда "асмандан" кулаган ит башына тийген аял ооруканага түштү. Видео

Жазылуу
Аялдын башына кулап түшкөн ит видеокамерага тартылып калган.

Кытайда аялдын башына "асмандан" ит кулап, ооруканага жаткан. Окуя видеокамералардын бирине түшүп калган.

Собака оттащила попавшего под машину друга - Sputnik Кыргызстан
Ит өлүп калган досун "тирилте" албай... Көзгө жаш алдырган видео
The Daily Mail басылмасынын жазышынча окуя түштүк Гуандун аймагынын борбору Гуанчжоу шаарында болгон.

Видеодо эки аял үйлөрдүн жанына келгенде алардын биринин башына ит түшкөнүн көрүүгө болот. Аял эсин жоготуп, жыгылган. Ал мойнун кокустатып ооруканага жатканы айтылууда. Ит болсо эч нерсе болбогондой окуя болгон жерден качып кеткен.

Дарыгерлер бейтаптын мээси чайкалып, мойну кокустап калганын аныкташты. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0