Папкага катылган доллар. Пара берип жаткан ЖАМК кызматкеринин кармалышы видеодо

Жазылуу
Маалыматта ЖАМК кызматкери буга чейин бир нече фактылар менен кылтакка илингени айтылат.

АКШ долларларын чөнтөгүнө салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
Улуттук коопсуздук комитети Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын механизациялашкан жылдырма колоннасынын жетекчисин үч миң доллар пара берип жаткан жеринен кармаган.

ЖАМКтын өкүлү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактыларын жабуу үчүн пара сунуштаганы айтылууда.

Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0