Президент Жээнбеков антты бузгандардын тагдыры кандай болгонун айтты. Видео

Жазылуу
Жээнбеков ант берген өкмөт мүчөлөрүнө анттын тузу да, жүгү да оор болорун айтып, аны көтөрө белүү керектигин айтты.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков ант берүүнүн маани-маңызына токтолду.

"Ант берүүнүн мааниси бул жакка чыгып текст окуп берип коюу эмес. Антты элибиз эзелтеден бери ыйык тутуп келген. Анттын маңызын, анын жоопкерчилигине, улуулугуна абдан маани берген. Анттын касиетине өзгөчө баа берген. Адамдын оозунан ант чыкканда, жараткандын кулагы ачылат дейт. Ант бул ыйык нерсе, тузу да, жүгү да оор. Ошону көтөрө белишиңер керек", — деди президент.

Жээнбеков жаңы өкмөттүн эл алдындагы жоопкерчилигин эбегейсиз зор экенин белгилеп, өкмөт мүчөлөрүнө ден соолук жана ишине ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0