(0:20 / 2.33Mb / )

Трамп Макрондун ийинине жабышкан какачты сүртүп тазалады. Видео

967
(жаңыланган 22:33 25.04.2018)
Франциянын президенти расмий иш сапары менен АКШга келген.

Американын президенти Дональд Трамп Франциянын президенти Эммануэль Макрондун ийине туруп калган какачты сүртүп тазалады. Бул туурасында телеканалы жазды. 

Мындай көрүнүш эки өлкө башчыларынын жолугушуу учурунда орун алган. Трамп журналисттерге франциялык коллегасында какач турганы айтып, аны сүртүп тазалаган. 

"Сиздин бул жакка келгениңиз биз үчүн чоң сыймык. Негизинен алганда биз ынак мамиледебиз. Мен азыр, мына какачты алып коёюнчу. Бизге анын кедергиси тийбеши керек. Эми ал да жок болду", — деди Трамп. 

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Дональд Трамп жубайы Меланья Трамптын колун кармоого аракет кылып жаткан видеосун талкууга алган. 

967
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Дональд Трамп, Франция, АКШ
Тема боюнча
Польшанын биринчи айымы Трамптын сунган колун суутту. Видео
Эмне кийип алган? Соцтармак Мелания Трамптын көйнөгүн шылдыңга алды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

176
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

176
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды

Конституциялык палата ЖКнын мөөнөтүн 7 айга узартууга кантип макул болду? Видео

101
(жаңыланган 21:00 02.12.2020)
Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп билдирди.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтышты.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип, беш сааттан кийин келди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Жыйында тараптар кандай жүйө келтиргенин кийинки материалдан окуңуз.

101
Белгилер:
мөөнөт, парламент, чечим, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди