Апасы Мээрим Бейшекеева Токмок шаарында эки баланы жалгыз тарбиялайт. Айсанаттан кичүү үч жашар баласы бар. Ал буга чейин кайрымдуулук фондусунда үч жыл иштеген. Соңку бир айдан бери туруктуу жумушу жок.
"Мектептен менталдык арифметика боюнча жарнаманы көрүп, ары ойлонуп, бери ойлонуп, баланы алып барууну чечтик. Мектепте да жалаң бешке окуйт, кээде төрт алып калса маанайы түшүп келет. Мындан тышкары, бий, хор ийримдерине барат. Ар тараптан өсүшү үчүн бар күчүмдү жумшап келем. Кызым Дубайга бара албай шагы сынып калбасын деп социалдык тармактарга жазып, компанияларга барып жардам сурап жүрөм. Тилекке каршы, азырынча жакшы жооп келе элек. Жолдошум экөөбүз эки ача жолго түшкөнбүз. Анын азыр башка үй-бүлөсү бар, бизге каралашпайт", — деди Бейшекеева.
Айсанат Жеңишеванын Дубайга барып келишине бери жагы 1350 доллар керектелүүдө. Ал 15-майга чейин катталып, 350 доллар төлөшү абзел. Бул каражат мүчөлүк акы катары (балага 250, коштоп барган апасына 100 доллар) төлөнөт.
"Азыр Токмоктон эле 4-5 окуучу ушул олимпиадага барууга аракет кылууда. Биздин балдар буга чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Айсанат аябай жөндөмдүү, айтканыңды дароо сиңирип алат, келечеги кең. Дүйнөлүк олимпиадага барса байгесиз кайтпайт деп ишенем", — деди мугалим.
Менталдык арифметика — бул байыркы система. 5000 жыл мурда Азиянын түштүк-чыгышында пайда болгон. Учурда дүйнөнүн бардык өлкөсүндө бар.
18-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кирени 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен. Мэр бул маселени чечүүгө убакыт керектигин айткан.
Анткен менен бүгүн киши ташуучу жеке компаниялардын жетекчилери мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден кичи автобустардагы жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Азырынча жол кире боюнча так бир чечим чыга элек.
Мэр, ошондой эле, натыйжалуу иш алып баруу үчүн жеке фирмалардын жетекчилеринин атынан бир өкүлдү тандап, аны өзүнүн коомдук кеңешчиси кылууну суранган.
Бүгүнкү күндө маршруттук таксилердин айдоочулары канча табарын сураштырдык. Алардын айтымында, киреше канча каттам жасагандыгына жараша түшөт. Айрымдары күнүнө 700 сомго чейин, кээ бири 1 500 сомго чейин акча каражаты өздөрүндө каларын айтышты.
Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал баяндамасын аяктап жатып өлкөнүн медицинасы дээрлик талкаланып бүтүп, жетер чегине жеткенин белгиледи.
"COVID-19 пандемиясы биздин саламаттык сактоо тармагынын абалын көрсөтүп койду. Мен көргөндөн бир гана саламаттыкты сактоо системасы чириген эмес, башкалары да бар. Ал жерде эч нерсе кылбай, жылдап жетекчилик кызматта отургандар, бир кызматтан экинчисине секирип жүргөндөр айрым олигарх врачтарга мамлекеттик ооруканаларда жеке бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда биздин жаш, кесипкөй кадрлар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда", — деди Турсунбекова.
Себеби баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар бар экенин айтат.
Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссиянын курамына дарыгерлер, ыктыярчылар, журналисттер жана коронавирустун курмандыгы болгондордун жакындары кирген. Изилдөөнүн жыйынтыгы рекомендациялык мүнөзгө ээ жана ал Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берилет.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.
Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.