Намыс баарынан бийик турат. Көк бөрүдө аттан кулап жабыркаган оюнчунун видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында өттү.

Көк бөрүнүн финалдык беттешинде "Бакубат — Талас" менен "Сары-Өзөн Рассвет" командалары беттешип, биринчи орунду "Бакубат — Талас" командасы ээледи.

Оюндун жүрүшүндө "Бакубат — Таластын" №12 оюнчусу аттан кулап, жаракат алды. Ага жардам берүү үчүн оюн талаасына Тез жардам автоунаасы келген.

Турнирдин жыйынтыгында "Бакубат — Талас" командасы 6:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

Жаңылыктар түрмөгү
0