Миңдеген смартфондор. 30 млн. сомдук контрабанданын кармалышы видеодо

Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жалал-Абадда 30 миллион сомдук контрабандалык товарды кармаган.

Комитет Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктап чыккан.

Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстан менен Казакстандын товары жүктөлгөн фураларды артка жөнөттү
Тийиштүү документтери жок дүйнөлүк маркалардын продукциясы жүктөлгөн унаа 27-апрель күнү кармалган.

Видеодо машинанын бортун ачып, уюлдук телефондор салынган таңгактар табылганын көрүүгө болот. Телефондор коробкада эмес, пакетке оролуп турганы байкалат.

Товардын болжолдуу баасы 30 миллион сом экени аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Документтерди жасалмалоо) жана 204-берене (Контрабанда)  боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0